КТРК аркылуу абийирдүүлүккө жана тартипке үйрөтүүчү көрсөтүүлөрдү көбүрөөк берүү керек. Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал жакында Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда жайгашкан карылар үйүнө барганын айтты. Ал жакта 92 кары жашаса, 84ү кыргыз.
"Бишкектеги карылар үйүндө 226 киши жашайт, 45 пайызы кыргыздар. Кыргыздар качан ата-энесин таштачу эле? Ал карылар балдарынын төрүндө отургандын ордуна ушундай мекемелерде жашап жатышат. Кыргызда мындай эч убакта болгон эмес. Улуттук телеканалдан жаштарды тарбиялоочу көрсөтүүлөрдү даярдаш керек. Анын ордуна карасаң эле концерт, жарым жылаңач кыздар көрсөтүлүп жаткан болот. Бул качан токтойт? Биз кыргызбыз, кыргыз бойдон калабыз. Эч убакта Европа боло албайбыз", - деди Токторбаев.