Бүгүн, 31-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карады.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун айтымында, аталган мыйзам долбоору Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөгү келишимди ишке ашыруу жаатындагы айрым маселелер боюнча иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутат Чыңгыз Ажибаев менен Жусупбек Коргонбай уулу чек арадан өтүүдө жарандарга кыйынчылыкты жаратпастан карыздарын жана туумдарын төлөө маселесин чечүү керектигин белгилешти.