Соцтармактарда өлкөнүн белгилүү инсандары, саясатчылар жана коомдук ишмерлери "Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотууга жасалган аракетти сынга алышты деген сыяктуу билдирүүлөр көп жарыялана баштады. Ал турмак эл аралык коомчулук дагы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданып жатышыптыр. Негизи, мында бүткүл про-америкалык коомчулук деп айтса туурараак болмок. 

"Эркин Европа Радиосу/ "Азаттык Радиосунун" президенти Джейми Флай жана АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Нед Прайс "Азаттыкты" эки айга бөгөттөөгө байланышкан кырдаалды комментарийлегени эске келет. Флай "биз тең салмактуу материалды сайттарыбыздан Кремлдин болобу же Кыргызстандын өкмөтүнүн болобу басымы менен алып сала албайбыз", - десе, Прайс "АКШ "Азаттык Медиа" веб-сайтынын бөгөттөлүшүнө абдан тынчсызданып жатат", - деген. 

"Азаттык" өз убагында, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн таңынындагы атамекендик журналистиканын жарык жылдызындай эле болгон. Бирок акыркы жылдары, тилекке каршы, аталган ММК биздин өлкөдөгү коомчулукту экиге бөлүүгө багытталган Батыштын үнүнө окшошуп калды. Ошондой эле, анын ишмердүүлүгү кожюндардын буйругуна ылайык,  Кыргызстан менен Россияны - тарыхый стратегиялык өнөктөш жана союздаштарды ачык кагылыштырууга багытталды. 

Бийлик баары бир окугусу келгендерге сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн жаба албайт. Бирок бул кадам ушул сыяктуу басылмаларга жана биздин океандын ары жагындагы өнөктөштөргө өзүнүн баалуулугун жана саясатын Кыргызстандын салтына жана кызыкчылыгына каршы коюп жүргүзүү болбой турганын түшүндүрөт. Ушул мааниде алып караганда, бийликтин "Азаттыкты" бөгөттөгөнү толугу менен жөндүү, мыйзамдуу жана негиздүү кадам. АКШнын өзүндө деле ушул сыяктуу окуялар болгон эмеспи? 

Булак: vb.kg