Бишкекте таштанды чыгарууга болгон тариф эртең, 1-февралдан баштап кымбаттайт. Жаңы тариф боюнча шаардыктар марттан тартып төлөп баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди.
Анда белгилүү болгондой, алгач тарифти эки эсе көтөрүү пенсионерлерге да тиешеүү болгон. Бирок кийинчерээк алар үчүн акыны 22,5 сомго ылдыйлатууну чечишкен. Ошондо, пенсионерлерден башка абоненттердин баарысы бир киши үчүн 41 сомдон төлөп баштайт. Буга чейин тариф 22,5 сомду түзгөн. Чарба субьектилери буга чейин кубометр үчүн 225 сомдон төлөп келсе, эми 361 сомдон төлөшөт.
Бишкек мэриясы тарифтин көтөрүлүшүнө күйүүчү майга, жабдыктарга болгон баанын өсүшүн, ЕБРР насыясын төлөө милдетине, жумушчулардын айлык акысын көтөрүү зарылдыгына байланыштырды.
Таштандыга болгон тарифти жогорулатуу боюнча токтом Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Анда 32 депутат макул болуп, 3 депутат каршы чыкты.