Баткенде 2 жаштагы кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал эми балдары балдар үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.
Эске салсак, милицияга 27-январда Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашаган мурдагы жубайы 2 жаштагы кызын сабаганын айткан.
Наристеге соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
Бул факты боюнча 138-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Наристесин урган аял убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди.
Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде аялдын үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан "Кут Кадам" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.