Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

"Керемет банк" боюнча ачылган кылмыш ишиндеги эки шектүү чет өлкөдөн кармалды. Бул тууралуу башпрокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди. 

Ал белгилегендей, учурда тергөө иштери уланып жатат. Эки шектүү Түркиядан кармалган. Алардан келтирилген зыяндын 80 пайызы өндүрүлдү. 

Өткөн жылдын декабрь айында "Керемет банктын" кызматкерлери "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча шектелип кармалган.