Башкы прокуратура "Азаттыкка" байланышкан маселеде кайсы бир тараптык эмес. Бул тууралуу башпрокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
Ага "Азаттыктын" тегерегиндеги кырдаалга баа берүү боюнча суроо узатылган.
"Биз бул иштин катышуучусу эмеспиз. Эгер мыйзамсыз чечим боюнча бизге кайрылуу келип түшсө, карап чыгып анан баа беребиз", - деди Зулушев.
Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу тууралуу материалында "Азаттык" коңшу мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги материалды алып салууну аталган сайттан өтүнгөн. Бирок "Азаттык" андан баш тарткан. Буга байланыштуу аталган министрлик сайттын ишмердүүлүгүн эки айга токтотуу чечимин кабыл алган.