Кыргызстан сөз эркиндиги жагынан өнүккөн өлкөлөрдөн артта калбайт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди. 

"Мен мурда чындыгында саясатта жүргөм, ага чейин сот, прокуратура тармагында иштегем. Башкы прокурордун ар бир сөзү коомчулукка таасир бериши мүмкүн. Ошондуктан мен мыйзам чегинде гана жооп бере алам. Биздин өлкөдө сөз эркиндиги, жарандардын эркиндиги бар. Айрым кылмыш иштери жарандардын аракетинин негизинде ачылганын айта алам. Биз өнүккөн өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинен артта калбайбыз. Демократиябыз жетиштүү, бирок аны анархияга айлантпаш керек", - деди Зулушев. 

Башпрокурорго Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу суроо берилген болчу.