Бийликти басып алуу максатындагы массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип кармалган Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу соцтармакка Нурайым Сыдыгалиева жазып чыкты. 

Анда айтылгандай, сот Нарматованы үй камагына чыгарган. Мындай чечим анын ден соолугу начарлап, СИЗО-1ден медициналык жайга которулганына байланыштуу болгон. 

Сыдыгалиеванын айтымында, Нарматова учурда ооруканада.