Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

Кадамжайда баласын сабап, видеого тарткан аялга карата кылмыш иши козголгонун Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Анда айтылгандай, 2023-жылдын 27-январында милицияга Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никедеги Ш.М. аттуу аялы А.Х. аттуу 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзгөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Арыз Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Арыз жазган жаран 2023-жылдын январь айынын башында жарандык никедеги аялы экөө өз ара келишпестиктен улам чогуу жашабай калышканын билдирген. Ага өчөшкөн аялы кызын уруп, телефонго тартып, видеону жиберген.

Милиция тарабынан аталган факты боюнча кызга соттук-медициналык, ал эми аялга соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле аялга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин негизинде (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.