Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, министр Уланбек Мамбетакунов билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кызматкерлерге айлык төлөөнү ар айдын бешинен кечиктирбөө боюнча кат жолдоду.  

Катта эгерде айлык-маянаны төлөөдө кечигүүлөр боло турган болсо, мекеме жетекчилигине дисциплинардык чаралар колдонулары айтылган.