“Манастын уулу Семетей” тасмасын тарткан Өмүрзак Төлөбеков  “Манас” көркөм фильминин сценарийин жазып, Стамбулда Турциялык дүйнөгө дүң болгон “... Эртугрул”, “... Осман” сериалдарынын продюсери Мехмет Боздаг менен биргелешип “Манас” сериалын тартууну макулдашышы жана бул эл аралык долбоорго Америка менен  Кытайдын ири кино компаниялары кошулганы жатканы  кыргыз маданиятындагы зор окуя.

“Манастын уулу Семетей” тасмасы - улуу “Манас” үчилтигин киного айланткан алгачкы кадам. Кыргызстандан М.Шеримкулов, Р.Айтматова, К.Сартпаева, Д. Жалгасынова, Россия эл артисти А.Панкратов - Чёрный, Казакстандын Эл артисти Асанали Ашимов,  Турциянын “ТРТ Аваз” телеканалынын директору Седат Сагыркайа өңдүү дүйнөлүк аттуу-баштуу маданий ишмерлер тасма эл аралык алкакта баалуу чыгармага айланаарын белгилешти.

Төлөбеков 1991-2011-жылдарда кыргыз коомчулугуна “Ак бата”,  “Кыргызстан”, “Ак жол”, “Жаңылык” гезит-журналдарынын башкы редактору катары таанылса, 2012-жылдан бери сценарист жана продюсер катары Кыргызстандан тышкары Астана, Москва, Берлин, Париж шаарларында тартылган «Президент жана бомж-1-2-3», “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш”, Орус кино жылдыздары А.Панкратов-Чёрный, Лев Прыгунов, Александр Песков, Бари Алибасов катышкан  «Москва сүйүүсү”, эми “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмаларын жаратты.

Өмүрзак Жолдош уулу 1993-94-жылдарда Москадагы Бүткүл дүйнөлүк М.Горький атындагы адабият институтунун жогорку курсунан билим алып, мурдагы СССР жазуучулар союзунун базасында түзүлгөн эл аралык жазуучулар коомунун Кыргыз адабияты боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

2000-жылы “Тыс-с, любовь разбудищь” повесть, аңгемелер китеби заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мактоо сөзү менен орус тилинде чыккан. Анда Жогорку Кеңеште депутат Айтматовдун жардамчысы элем, Чыкем “Мен сени сүйөм” аттуу аңгемелер жыйнагын окуп чыгып, андагы келечектүү жаш жазуучуга каалоо жазып, ак батасын берген.

Эл аралык аренага чыккан жазуучу-киночу Өмүрзак Төлөбеков ыйык  “Манас” эпосубузду тасмага айлантууга толук бышып жетилди. Буйруса, “Манас” көркөм фильми жана сериалы дүйнөлүк ири кино компаниялар менен биргеликте тартылып, улуу эпосубуз аалам аралоосун жабыла тилеп күтөлү.

                                                                                                                    Дөөлөтбек ШАДЫБЕКОВ,

Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңешинин Төрагасы