Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

Монополицияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкери пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши  козголгон. Анын алкагында ыкчам-издөө иш-чаралар жүргөн.

Жыйынтыгында, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкер Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.