КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген документтерди жасалмалоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда Мамлекеттик салык кызматынын Н.С. аттуу кызматкери жасалма документтерди жасаган. Анын негищине бир жаранды (кыргызстандык) жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн. Жыйынтыгында, республикалык бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 миллион 870 миң сомду түзөт.
25-январда Н.С. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.