Айрымдар Кыргызстанда «Азаттык» медиасы жабылса эле сөз эркиндиги жок болуп калчудай эле чочулашып, айгай сала беришет. ЖК депутаты Дастан Бекешов да «Азаттык» жабылса, коррупция боюнча чындыктар айтылбай, жазылбай калат деген маанидеги оюн айтты. Бирок бул туура эмес. Мындай пикирин коомдук ишмер Шүкүрбек Эркебаев билдирди. 

Ал белгилегендей, эл өкүлүнүн айтканын ээрчисек, анда Кыргызстанда  «Азаттыктан» башка эркин медиалар, ЖМКлар жок болуп, өлкөбүздө «Азаттыктын» арты менен гана сөз, ой эркиндиги жашап аткандай таасир жаралат.

"Бирок андай эмес да. Сөз эркиндигин «Азаттык» менен гана байланыштыруунун өзү  түркөйлүк. Бир кездери сөз эркиндиги дегенде «Азаттык» эске келген учурлар болгону чындык, бирок азыр ондогон эркин медиалар бар. Алар АКШнын «акырынан»  каржыланган азаттыкчылардан айырмаланып, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюшат. Мамлекеттин алдындагы жоопкерчиликтерин сезишет, душмандар кылчу иш-аракеттерди жүргүзүшпөйт. Мамлекеттеги коррупциялык көрүнүштөрдү, акыйкатсыздыктарды ошолор айтышып, жазышып, элдин үнүн бийликке жеткире беришет. Азыр социалдык тармактар  өнүккөн заман. Ар ким ойлогонун, каалаганын ачык айтып, жаза алышат. Кыргызстанда  сөз эркиндиги ар дайым болуп келген, боло берет. Аны «Азаттык» менен өлчөп, ченөө -  бул келесоолук", - деди ал. 

Анын пикиринде, «Азаттык» жабылса, аны трагедия кылуунун кереги жок! Андан өлкөбүздүн, элибиздин жашоосу токтоп калбайт! Демократиялык баалуулуктарга доо кетпейт. Болгону сырттан акча бергендердин «заказдарын» аткарышкандардан, сөз эркиндигине жамынган Көзкаман, Көкчөгөздөрдөн арылабыз.

"Бул сайт дагы өлкө аймагындагы көптөгөн ММКнын бири жана алар да баарына белгиленген мыйзам ченинде аккредитациядан өтүп, иш алып барат. Бул жалпы ММКларга тийешелүү шарт, б.а. тартип.

Ошол тартипти "Азаттык" бузуп, Кыргызстандын аймагында көптөгөн чагымчылдык, бузукулук жалган маалыматтарды таркатышты. Ал эмес Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтиришти, стабилдүүлүкө доо кетирчү  чакырыктарды таштап жатышты. Ошондуктан Кыргызстаныбыздын тынчтыгын бузган мындай батыштын агенттерине туура мамиле жасалды деп эсептейм. Жаап эле койбой "Азаттыкта" иштеген журналистерин чыккынчы катары юридикалык баа берилиши зарыл.

Тынч жерде өнүгүү-өсүү болот, Кыргызстанбызга тынчтык, стабилдүүлүк керек", - деп белгиледи Шүкүрбек Эркебаев.