«Вечерний Бишкек» басылмасынын Кактус.медиа маалымат булагынан 50 млн. сом өндүрүп берүү боюнча доо арызы 15-февралда Биринчи Май райондук сотунда каралмай болду. Белгилей кетсек, сот ишине Кактус.медианын «Вечерний Бишкек» ишин токтотот, банкрот болду» деген жалган маалыматты жазып чыккандыгы себеп болгон.
«Вечерний Бишкектин» доосу канааттандырылабы, жокпу аны сот чечет. Бирок сөз эркиндигин бетке кармап эле элдин, өлкөнүн, өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткаруудагы жоопкерсиздиктерине, жалган малыматтарды таратып, элдин башын айланткан иш-аракеттерине укуктук баа берилиши зарыл. Болбосо, Кактус.медиа «өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз» дегенге өтүп алышты. Кактусчулар сөз эркиндиги биринчи кезекте жоопкерчилик, мыйзамдарды сактоо экенин билгилери келишпесе, анда соттун чечими менен сөз эркиндиги бар жерде жоопкерчилик да болушу керектигин билишип, мээлерине түйүп алышса ашыкча болбойт.
Эгерде сот доону канааттандырган чечим чыгарса, сөз эркиндигин «эрмектегенди» жакшы көрүшкөн батышчылдар, активисттер «сөз эркиндигине кысым жасалып атат» дегенди кайрадан кайталап чыгышары бышык. Бирок өлкөбүздөгү сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар жайында эле экенин, сөз эркиндигине эч кандай кысым, басым жоктугун көпчүлүк жакшы билишет. Жалган маалыматтарды таратып, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген маалымат булактарына мыйзамдык чаралар көрүлүшү зарылдыгын да колдошот. Андыктан сот мыйзам чегинде чечим чыгарып, өз максаттарын жоопкерчиликтен жогору койгондорго укуктук баасын берсин. Бул башкаларга, сөз эркиндигине шек келтиргендерге, ичтен чыккан жаттарга сабак болсун!
«Азаттык» медиасы боюнча деле ушуну айтууга болот. Сырттан каржыланып, алардын «ырларын» ырдап, айткандарын аткарып, стабилдүүлүккө, биримдикке шек келтирген, чагымчыл, деструктивдүү маанайдагы иштерди жүргүзгөндөргө кескин чаралар көрүлүшү абзел!