Печать
Категория: Коом
Просмотров: 74

Бишкектеги Биринчи май райондук соту "Вечерний Бишкек" Басылма үйү" ЖАКтын "Кактус медиа" маалымат порталына карата жазган арызы каралчу күн белгиленгенин билдирди. 

Маалыматка караганда, соттук угуу 15-февралга белгиленди. 

Эске салсак, "Кактус медиа" "Вечерний Бишкек" гезити жабылаарын жана анда иштеген кызматкерлер жумуштан бошотулганын жазып чыккан. Аталган гезит бул маалыматты төгүнгө чыгарган жана репутацияга шек келтиргени үчүн сотко кайрылган. 

"Вечерний Бишкек" жалган маалымат үчүн аталган маалымат сайтынан 50 миллион сом талап кылууда. Анын 25 миллиону журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Темирбаева, түптөөчүсү Дина Масловадан болсо, калган 25 миллионун сайт төлөп бериши керек.