Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

Талас районундагы айыл өкмөттөрдүн биринин башчылары бюджеттик каражатты чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема түзгөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Талас районунун «Бекмолдо» айыл аймагынын ишмердигинде жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттар коррупциялык схема аркылуу башчылардын чөнтөгүнө кетип турган. 

2021-жылы Талас районунун “Бекмолдо” айылында ички чарбалык жолдорду оңдоо жана асфальттоо иштерине 24 миллион сомго тендер өткөрүлгөн. Тендерден кийин “Календер Курулуш” ЖЧКсы менен келишим түзүлүп, аталган подряддык уюмдун эсебине биринчи траншта 5 миллион 186 миң сом  акча каражаты которулган.

Андан кийин подрядчы тарабынан которулган каражаттардын толук өздөштүрүлгөнүн көрсөтүүчү аткарылган иштердин актысы берилген. Мындан тышкары, “Календер курулуш” ЖЧКсы күйүүчү-майлоочу майларга жана башка материалдарга болгон баанын көтөрүлүшүнө таянып, негизги суммага кошумча төлөө зарылчылыгы боюнча талаптарды коюп, ишти убактылуу токтоткон. Ошол эле учурда жогорудагы аткарылган иштер стандартка жооп бербей, аткарылган иштин өздүк наркы бир топ жогорулаган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Бекмолдо” айыл аймагынын башчысы Б.С.С.,  “Календар курулуш” ЖЧК подряддык уюмунун жетекчиси И.М.А. жана техникалык көзөмөлдөөчү Д.К. менен кылмыштуу көмүскө бүтүмгө барып, жогорулатылган баада аткарылган иштердин актысына кол коюшканы аныкталды.

Жогорулатылган баанын ашыкча көлөмүн аныктоо жана тактоо максатында аткарылган иштердин иш жүзүндөгү көлөмүн 19-жол тейлөө мекемесинин, Талас райондук архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын, Капиталдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын адистерин тартуу менен контролдук эсептөө жүргүзүлдү. 

Жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмү (шагыл төшөө, асбест суу түтүктөрүн монтаждоо жана пандустарды жана айланма жолдорду оңдоо) 1,5 миллион сомдон ашпаганы аныкталып, жыйынтыгында жалпы суммасы 3,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. 

Бул кылмыш ишинин алкагында Талас районунун “Бекмолдо” айыл аймагынын башчысы Б.С.С. жана “Календер-Курулуш” ЖЧКсынын директору И.М.А. кармалып Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.