Кыргызстанда улуттук авиакомпаниялар кайрадан түзүлүшү керек. Мындай сунушту депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал атамекендин өндүрүштү колдоо зарылчылдыгын айтты. Ошону менен катар Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон кийин ага чейин иштеп турган завод-фабрикалардын баары жабылып калганын эске салды.
Айтымында, учурда мамлекетке эки гана авиакомпания иш алып барат жана ал монополистке айланып калды.
"Мамлекетте учактар жетишсиз. Бул чоң көйгөй. Ошондуктан, тийиштүу жетекчилерге тапшырма берип, улуттук авиакомпаниябызды кайрадан түптөшүбүз керек. Учурда аймактарда абамайдандары курулуп жатат. Ички каттамдарга эл муктаж, ал муктаждыкты канааттандыруу үчүн учактарды сатып алышыбыз керек. Ар кандай өзгөчө кырдаалдар жаралган маалда жеке учактарыбыздын жоктугу ыңгайсыздык жаратып жатканына күбө болуп келатабыз. Ал турмак президентибиз иш сапарларга ижарага алынган учак менен учууга аргасыз болуп жатат", - деди Токторбаев.