Чүйдүн Москва райондук соту 24-январда төкмө акын Болот Назаровго карата "тоноо" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин жабырлануучу тарап менен жарашуу келишиминин негизинде өндүрүштөн кыскартты.
Отурумда адвокаттын жарашуу келишимин ишке тиркөө өтүнүчү канааттандырылган. Ал документте жабырлануучу тарап Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин жазып берген.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Назаровду былтыр 9-ноябрда "Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган" деген шек менен кармаган. Ал ошондон бери Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) камакта жаткан.
Төкмө акын өзү 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, ага айылдын жашоочусу ат мингизгенин айтып, жылкыны кайтарып бергенин билдирген.
Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренеси менен шек саналып жаткан Назаровдун иши боюнча алгачкы соттук жараянда жабыркаган тарап көрсөтмө бергенде доосу жок экенин айткан жана ишти кыскартууну суранган.