Бүгүн "АКИпресс" агенттигинде адвокат Айжан Жуманалиева маалымат жыйынын өткөрүп, анда күйөөсүнөн зомбулук көргөн келиндин окуясын баяндаган.
Адвокаттын айтымында, Айзада аттуу келин күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган, ал эми күйөөсү УКМКда иштегендиктен, жоопкерчиликтен бошонуп кеткен.
Бул тууралуу УКМК маалымат таратты. Анда жактоочунун билдирүүсүндөгү калп маалыматтар белгиленди.
А.Б.аттуу жарандын күйөөсүнө карата жазылган арызы текшерилген, бирок кылмыштын курамы жоктугунан Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинин тергөө кызматы УКМКнын кызматкери У.Б.га карата кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.
Ошондой эле, адвокаттын "Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине У.Б. кысым көрсөткөн жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деген билдирүүсү да чындыкка дал келбейт.
Анткени, келиндин ар бир арызы боюнча прокуратура, укук коргоо органдары тыкыр текшерүү жүргүзгөн.
"Пресс-конференциянын жүрүшүндө жарыяланган жагдайлар жарандык мүнөзгө ээ жана бул адамдардын ортосунда ажырашуу процесси жүрүп жаткан соттук териштирүүдө каралат.
УКМК бул процесстин катышуучусу эмес жана бул жеке үй-бүлөлүк талашка атайын кызматты кошуу менен кызыкдар тарап үй-бүлөлүк жаңжалга коомчулуктун көңүлүн буруп, резонанс жаратууга аракеттенүүдө.
УКМК арыз ээсине жана анын жактоочусуна, мекемени үй-бүлөлүк жана жеке маселелерге тартуу аракетине жол бербестигин эскертет. Ошол эле учурда бул үчүн өз кызматкеринен тиешелүү жоопкерчиликти алып салбайт", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, УКМК жактоочуну жактоочулардын нормаларын жана этикасын сактоого чакырат, аларды бузуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келээрин эскертет.