Манас РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусу менен чектешкен өткөрүү постторунда жарандарды кабыл алууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек ара аркылуу бир күндө 600-700 авто унаа жана 3 миңге жакын адамдар кирип чыгышат. Анда кечки саат 17:00дон кийин унааларды тартипке салып көзөмөлгө албаса, тыгын жаралып, айдоочулар арасында ар кандай пикир келишпестикер жаралып кетет. Ушундай көрүнүштөрдүн, кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБ кызматкерлери дайыма ал жерде коопсуздукту сакташууда.
Андан тышкары күндүн сууктугуна байланышту жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүү максатында көчмө кабылдама менен элдерди кабыл алууда. Аларга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп, ишеним телефондор берилди.