Кыргызстандын Акыйкачысы Атыр Абдрахматова педофилдерди кастрациялоого каршы чыкты. Бул тууралуу парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында сөз болду. 

Комитет педофилдерди хирургиялык кастрациялоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат. 

Абдрахматова балдарга каршы кылмыштарга жазаны күчөтүү чараларын колдоорун айтты. 

"Бизде эл аралык келишимдер бар. Хирургиялык кастрацияны дыкат карашыбыз керек. Жазанын мындай түрү Чехия, Польшада, АКШнын бир катар штаттарында кабыл алынган. Бирок жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин толугу менен иликтене элек. Соттордун катачылыгы жана акыйкатсыз сот чечимдерин да эске алуу керек", - деди ал. 

Депутат Гуля Кожомкулова акыйкатчынын айтканын жактырбады. Ал жарандардын укугун жана эркиндигин сактай турган адамдын мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алам деп айтканы туура эместигин белгиледи. 

Ал Улан Бакасовдун мыйзам долбоору Конституцияга каршы келээрин айтты. 

"Эч ким ар намысын тебелей турган жазага кириптер болбошу керек. Конституцияга каршы чаралар парламентке киргизилбесин. Балдарга каршы зомбулук - бул кылмыш, аны эч ким актабайт. Хирургиялык кастрация - бул хирургиялык жол менен репродуктивдүү органдарды алып салуу болуп саналат", - деди Кожомкулова.