Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Бакасов коомду педофилдерди тез арада тазалоо керектигин айтты.
"Педофилдерди хирургиялык кастрациялоо - бул жаза эмес, мажбурлап дарылоо. Коомду тез арада педофилдерден тазалоо керек", - деди ал.
Депутат Мейкинбек Абдалиев балдарга карата зомбулуктун масштабы кең экенин жана ага карата күрөш натыйжалуу чараларды талап кылаарын белгиледи. Айтымында, укук коргоо органдарынын статистикасы бул кылмыштын айсберги, катталгандары гана. Көмүскөдө жүргөн фактылар андан көп.
Ошондой эле, айрым депутаттар кастрациялоо Конституцияга каршы келээрин айтышты. Алардын пикиринде, кастрациялоодон көрө педофилдерге жаза мөөнөтүн узартуу керек.
Бул боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алышты.