Печать
Категория: Коом
Просмотров: 270

Кечээ, 23-январда Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагындагы Большевик айылында жаңы курулган Эшматов атындагы орто мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөтүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, буга чейин Большевик айылында атайын мектеп үчүн салынган имарат болгон эмес. Окуучулар эски сарайды ыңгайлаштырып окуп келишкен.

Жаңы мектеп 225 орундуу.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев демилгелеп, Саудиялык өнүктүрүү фонду каржылады. Курулуш иштери 2020-жылдын февраль айында башталып, пандемияда убактылуу токтотулган.