- Ооба, быйылкы кыш дүйнө жүзүндө өзгөчө оор болууда. Ушундай оор кырдалга чыдап иштеп жаткан энергосистемага Кудайга шүгүр деш керек. Экинчи четинен бизге сабак болушу керек, мындан да суук болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Якутияда -67 градус экен.
Элдик Курултайда 2050-жылга чейин 10 чакан он ГЭСтен, шамалдан, күндүн нурунан энергия алуунун улуттук долбоорун сунуш кылганмын. Ошону бийлик ишке ашырышы керек. Андан тышкары комплекстүү иш чараларды алып барыш керек:
1. ТЭЦ -2 ни газга которуп Бишкектин Белинский көчөсүнөн ары жагын кошуш керек.
2. Мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу бардык соцобьектилерди газга которуш керек.
3. Бишкек шаарынын 63 жаңы конушун, соцобьектилери менен газга өткөрүү керек.
4. 7 облусту 31 шаарын баарын 5-10 жылда газга которуш керек.
5. Элибизди жалпы комплекстүү энерго маселесин чечүү үчүн күн нурунан, шамалдан энергия алуучу завод куруп, күн батереясы менен ар бир үйдү камсыз кылыш керек.
Ал жабдыктарды завод элге көп жылга ипотекадай кылып бериш керек-25 жылга. ( Ар бир үйгө -5-10 квт.)
Ошондо эл жайында Токтогул ГЭСинен свет албай калат да, ал күзгө чейин толот. Кийин элдин свети бекер болот.
ГЭСтердеги кубаттуулукту завод, фабрикалар, өндүрүш колдонот.
Арабдар нефтиге байып жыргап жатат. Ар бир араб бирден скважина алып алышты. Биздин арабдардан эмнебиз кем. Биз да ар бир үйгө күндөн, шамалдан, ГЭСтен свет берип, ар бир үйгө майнинг центр ачып берип шейхтердей жашатып койсок болот. Кудай буюрса.
Суу башында туруп, свети жок, жакыр жашаганыбызды Кудай кечирбейт. Ар бир Кыргыз шейх болбосо да олигархтай жашай турган Кудайдын берген табияты, суусу, күнү, шамалы бар. Кеп өзүбүздө. Кудайдын буйругу менен ошондой күндү насип кылсын дейли.