Печать
Категория: Коом
Просмотров: 186

- Ар кандай кыйынчылыкка чыдап келген кыргыз, бу курдай деле чыдап, үн катпай эле отурмак. Бирок азыр "бийлик үчүн айды чабам" дегендер жана алардын давааты жашап жатпайы жаны чыгып-чыкпай. Кыштын, чилденин суугу өзүнүн ишин жасап жатканы менен иши жок. Мына ушундан кынтык издеп, канчасы керээли кечке кыйкырып жатат. Кала берсе депутат Бекешев бөйрөктөн шыйрак чыгарып, “жарык байлардын үйүндө өчпөй, кембагалдардын гана үйүндө өчүп жатат" деп апенди да болуп ийди. Мындай даваат элди козутуу, көчөгө чыгууга  үндөгөн кезектеги кадамдар. Деги эле асманды чапчып ийем деп көкүрөк каккан бу депутаттын сөздүн маанисине башы жетпеби? Албетте, жетет. Бирок айттырып жатышат да артындагылар. "Депутат сөзүнө жооп бербейт" деген келесоо бир чечим иштеп жатпайбы...

Кыштын оорчулугу, электр тармагындагы жабдуулардын эскириши, какаганга муштаган болуп газдын басымынын азайышы, электрди пайдаланууну күчөтүп, чыңалууну пайда кылып жатканын жаамы журт жакшы түшүнүп эле жатат. Кала берсе бул опуртал жагдайдан чыгуунун бирден бир жолу - жарыкты келме кезек менен бир-эки сааттан өчүрүүнү деле туура көрүп калышты.Телегейибиз тегиз болушу үчүн ысык-суукка бирдей чыдап, эртеңкиге ишенимдүү көз караш менен карап жашашыбыз керек. Бул күндөр да өтөт. Эртеңки күндөр да келет... жашоо уланат, отурумдар уланат...