Акылбек Жапаров баштаган Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан саясаты чындыгында прогрессивдүү. Мындай пикирин саясат талдоочу Денис Бердаков билдирди.
- Кыргызстанда көп жагынан радикалдуу жана чечкиндүү саясат жүрүп жатат. Радикалдуу дегеним экономиканын санариптештирүүдөгү жетишкендиги, көмүскө экономика болбошу үчүн, таза бажы болушу үчүн ушундай чечим кабыл алышкан. Албетте, бул биринчи кезекте мамлекет башчысынын талабы.
Баарыбыз билебиз, бул маселелер он жылдап орун алып, мурдагы бийликтер чечүүдөн тайсалдап, унчукпай келишкен.
Ошондуктан, азыр көптөгөн жарандарга чындыкты угуу жагымсыз болуп жатат: өлкөдө өтө көп адамдар соода-сатык кылышат, салыкты жарытылуу төлөшпөйт, медицинанын тамтыркайы чыккан жана аны системалуу түрдө реформалоо керек. Мамлекет медицинага инвестиция салышы керек. Андан ары цивилдүү дүйнөдө адамдар машинасын камсыздандырышат, бул туура көрүнүш, бул жол кырсыгынан жабыркагандарга жардам берет. Башкача айтканда, өтө көп реформалардын жыйындысы жүрүүдө, анын баары зарыл. Коом өзгөрүүгө тийиш.
Кыргызстанда биз мамлекеттик бюджет эки эсе өсүп жатканына күбө болуудабыз, көп жылдардан бери биринчи жолу жаңы мектептер курулду, бул жылы ооруканалар курулаары айтылууда. Мамкызматкерлердин айлык акысы, пенсиялар жогорулап жатат. Башкача айтканда, биз реалдуу сандарды көрүүдөбүз, мурдагыдай отчеттогуларды эмес. Азыр реалдуу сандар экономикалык көрсөткүчтөрдө, жаңы курулган объекттерде жана көтөрүлгөн айлык акыларда.
Экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү боюнча Кыргызстан көп жылдан бери биринчи жолу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында лидер болду. Аны менен катар учурдагы өкмөт кандай шартта иштеп жатканын көрүп турабыз, бул аймактардагы жана дүйнөдөгү кырдаалдан алып караганда. Чек ара, электр энергиясы жана аба ырайы боюнча да маселелер жетиштүү. Ушундай кырдаалда дагы Министрлер Кабинети өнүгүүгө 2 миллиард сом жумшай алды. Мисалы, бул жылы бюджеттен чакан шаарларды өнүктүрүүгө акча бөлүнөт, ал шаарларда өлкөнүн 50 пайыз калкы жашайт. Учурдагы өкмөттүн саясаты жалпысынан социалдык - элди колдоо. Мындай аракеттер бизден бир топ өнүккөн өлкөлөргө караганда көп болууда. Башкача айтканда, ар бир абалда татаалдык болот, бирок алдыга олуттуу кадам ташталып жатат.