Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1579

Лейлек чек ара бөлүмүнүн чек арачылары 22-январда чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп бараткан эки жүктү кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. 

Лейлек районунун Ак-Арык айылында түндө чек ара отряды Opel Zafira үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Рулда Достук айылынын 1994-жылы туулган тургуну Б.М. болгон. Текшерүү убагында чек арачылар автоунаадан 25 жащик мандарин табышкан. 

Такташуу учурунда, айдоочу жүктү Тажикстандан Кыргызстанга сатуу максатында мыйзамсыз алып баратканы аныкталган. 

Кийинчерээк Интернационал айылынын Мал-Базар аймагынан Максат айылынын 1994-жылы туулган тургуну Т.Ж. кармалган. Ал дагы Тажикстандан Кыргыстанга өткөрмө пункту жок жерден мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракеттенген. Текшерүү маалында коробкадан 300 таңгак жашылча уруктары чыккан. 

Эки учурда тең тийиштүү документтер толтурулуп, жүктөр андан аркы чаралар көрүлүшү үчүн тийиштүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.