- Бул жылы кыш чынында ызгаардуу болуп жатат. Баарыбыздын эсибизде, 2018- жылы Бишкек ЖЭБи жарылып, аз жерден борборубузда энергетикалык коллапс болуп кала жаздаган. Бир топ башка мамлекеттерде бүгүн да абал оорлошуп, өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, катастрофалык кырдаалда жашап жатышат. Ал мамлекеттерде маалымат контролдонуп, чыкпаганына байланыштуу көбүн биз укпай калуудабыз. Ушул тапта, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Орус Федерациясынын бир топ аймактарында энергетика, жылуулук менен камсыздоо абалы жакшы эмес. Электрэнергия жана жылуулук менен камсыздоо бири-бирине тыгыз байланышкан, бири иштен чыкса, экинчиси да оордукту (нагрузка) көтөрө албай иштен чыгаары шексиз. Мындай суукта энергетика жана жылуулук менен камсыздоо жааты иштен чыга турган болсо, бүтүндөй инфраструктура талкаланаары турган иш. 

Ошон үчүн кырдаалдын орчундугу жана маанилүүлүгү ар бир жаран менен жеке кабыл алып, жылуулукту жана электр энергияны максималдуу үнөмдөө боюнча бүт аракетти көрүүнү суранам. 

Бул оор кыштан, ызгаардуу сууктан аман-эсен чыгалы.