Печать
Категория: Коом
Просмотров: 449

Жогорку Кеңештин депутаттары "үйлөнүү үлпөт тойлорун, үй-бүлөлүк чараларды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү тартибин" аныктай турган мыйзам долбооруна келген сунуштамаларды карашты. 

Документке ылайык, үйлөнүү тойлорго 300гө чейин адам гана катыша алат, а башка тойлорго 200гө чейин конок келиши керек. Үйлөнүү кортежинде үчтөн ашык машина болбоого тийиш. Тойлорду өткөрүү убактысы 18:00дөн 23:00гө чейин. 

Депутат Улукбек Ормонов мал союу боюнча чектөөнү бир гана байлар менен аткаминерлер бузуп жатышканын айтты. Ал белгилегендей, эреже бузууларга азырынча жоопкерчилик карала элек. 

Ошондой эле, миңге жакын конок чакырган дагы, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында 5-6 жылкы сойгон дагы байлар болууда. 

"Бул мыйзам менен биз байларды, аткаминерлерди токтоткубуз келген. Алардын айынан карапайым эл жабыркап жатат", - деди Ормонов.