Бишкекте эки күн мурда бир убакта төрт мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тараган. Тийиштүү кызматтар аталган мектептерди курчоого алып, окуучуларды эвакуациялаган. Жыйынтыгында, маалымат калп болуп чыккан.
Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында сөз болду. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов бомба тууралуу билдирүүнү ким жеткирип жатканын билбей турганын айтты.
Депутат Аида Исатбек кызы жалган кабарды ким билдирип жатканы тууралуу министрдин кабары барбы-жокпу, сурады эле, министр: "Биз мектептердеги видеокөзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдык. Мектептердин жетекчилиги, кайтаруучулары имаратка ким киргенин дыкат текшерип турушу керек. Бомба боюнча органдарга сурамжылоо жибергенбиз. Бирок азырынча маалымат берише элек", - деп жооп берди.