- Энерго системага күч келбесин деген таризде график  менен светти  өчүрүп жатат. Өзбекстан, Казакстанда свет турсун газ кошо өчүп, эли кыйналган  жагдайлар да орун алып жаткан экен. Эмнеге Орто Азиянын электр тармагы бир кышта жапырт кыйынчылыкка кездешти?

- Биз акыркы жылдары климаттын глобалдык өзгөрүүлөрүнө тушугуп жатабыз. Экологиянын адам ишмердигинин натыйжасында бузулушу, глобалдык какастрофаларга алып келүүдө. Мына эми Жер планетасынын аба ырайынын аномалдык суукка кептелишин дагы сезип баштадык. Кээ бир жерлерде чилденин ызгаары адам чыдагыс болуп кетти. Таң калыштуусу, Европанын бир топ өлкөлөрүндө аномалдык жылуу агымдын дагы үстөмдүгүн сезишүүдө! Кыргызстандын шартында дагы кыйынчылыктар болууда. Жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүшү элге албетте, дискомфорт жаратууда. Айта кете турган нерсе, ушул тармакка жооптуу министрликтин абалды купуя кармап отуруп алгандыгында болбодубу. Акыры кечээги парламенттик отурумда чындыкты айтууга аргасыз болушту го. Ошондуктан бул абалдан чыгууну жолу бир гана энергетикалык потенциалыбызды күчөтүүдө болуп турат! Бири-бирибизге доомат айтып, саясатташтыруунун кереги жок. Албетте, жооптуу адамдар шалаакылык иштери үчүн өз жазаларынын алуулары абзел!