Министрлер Кабинетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айрым аким жана мэрлер жубайларына автоунаа, ал эми балдарына Бишкектен батир сатып берүүгө камданып жатышканы тууралуу маалымат бардыгын айтты.
Ал эгерде жетекчилерге карата бир аз эле шек пайда болсо, чара көрүлөөрүн эскертти.
"Бул биздин урматтуу президентибиздин тапшырмасы. Тууган-урук, жакындар, достор ж.б. деген болбойт. Мыйзам бузгандардын баарына, айрыкча коррупцияга шектелгендерге тез арада чара көрүлөт. Сиздер тараптан моралдык жоопкерчилик болушу керек. Жетекчи болдуңарбы, жетекчи болгула, коррупционер болбогула. Коррупция сөз менен жоюлбайт", - деди Камчыбек Ташиев.
Андан ары ал жергиликтүү бийликке жана министрлерге кайрылды.
"Иштегиңер келбесе, кеткиле, бизнес жасагыла. Бай жашагыла, кубангыла. Эч кандай маселе жок. Бирок мамлекеттик аткаминер бай жашабашы керек. Муну эсиңерге алгыла. Мамлекеттик аткаминер бай болбойт, принципте ушундай.
Аким, министр же башка кызмат ээси болоору менен байып баштайт деген мурдагы психологиядан арылыш керек. Мындай эми болбойт, ал убакка кайтпайбыз. Мурда аким, губернаторлор, министрлер кызматка акча берип барчу. Азыр өлкө жетекчилигинде кызмат үчүн тыйын алуу дагы ойлорунда жок. Силер дагы ушинтип иштегиле. Аким, мэр болгондон кийин кантип байыш керек, кайсы жерден эмнени алыш керек деп ойлоп баштайсыңар. Аялдарыңарга автоунаа сатып бергенге камданасыңар, бизде ушундай маалымат бар. Балдарыңарга Бишкектен батир сатып берүүнү да ниеттенип жатканыңарды да билебиз.
Эгер силерге үй керек болсо, Министрлер Кабинетинин төрагасына кайрылгыла, президенттин тапшырмасы менен ипотекага берилчү үй курулуп жатат. Мамлекеттик кызматта иштегендердин баарынын үй маселесин, балдарыңардын үй маселесин чечебиз. 20-25 жылга 0,2-0,4 пайыз менен ипотека алгыла. Уурулук кылып, ал акчага аялдарыңарга машина, балдарыңарга, кыздарыңарга үй алып бергенден көрө таза жашаган жакшы", - деп белгиледи УКМК төрагасы.