Кыргызстанда май айынан тартып электр энергияга болгон тариф 23 тыйынга, башкача айтканда учурда 1 киловатт 77 тыйын болсо, майдан баштап 1 сом кылуу пландалып жатат.
Энергетика тармагынын ардагери жана инженер Мирбек Батаканов мындай чечимди туура деп эсептээрин билдирди.
"Азыркы тариф электр энергиясынын өздүк наркынан арзан турат. Азыр бардык тармакта кымбатчылык болуп, баалар өсүп жатат. Аны менен катар эл ар кандай керектүү кызматтарды колдонууну улантып жатат. Тариф маселесин олуттуу темага айлантып, жарыкка баа көтөрүлөт дээри менен каршы чыккандар башталды.
Тарифтин төмөн болушу энергетика тармагына инвестор тартууга тоскоолдук жаратып келүүдө. Бизге бул тармакка инвестор абдан керек. Мүмкүнчүлүгүбүз чоң болгону менен инвестор тарифтин арзандыгынан чоочулап, салган каражатын кайтарып алууга ишенбейт, ошол үчүн келбей жатат", - деди Батаканов.