Белгилүү жазуучу, драматург, тарыхчы, скульптор, сүрөтчү жана журналист Мурзапар Үсөн күтүүсүз 75 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу "Баткен таңы" облустук гезитинин эмгек жамааты соцтармактагы баракчасына жайгаштырышты.
"Кечээ эле "Баткен таңы" редакциясына келип, адатынча бизге дагы тарыхый окуяларды, болгон чындыкты айтып берип - "Баткендеги алгачкы мектепке 100 жыл болуптур",- деп, гезике берип койгула деп көлөмдүү макаласын калтырып кетти эле. Көрсө коштошкону келген тура кайран акебиз. Артында тоодой эмгектери, балдары, калдайган Кара-Булагы калды. Агай Кара-Булак айылында "Муз булак" коругун негиздеген. Табиятка жакын, таланттуу инсан болгон.
Жазуучу Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында 1948-жылы туулган. Кыргызстан жазуучулар кошунунун мүчөсү. Бир нече романдардын, повесттердин, драмалардын автору. Романдары: “Ааламдар алкагында”, “Сакылар жери”, “Менин философиям”, “Тайгак кечүү”, “Сырттан”, “Ыйык Валентин”, “Газават”, “Бөрүлөр”, “Дөң китеп”, “Райкомдун аялы”, “Данакер”. Повесттери: “Кан Манастын бейитин издеп”, “Өрүктүү өрөөңдө”. Драмалык чыгармалары: “Кызыл Топу”, “Бөрү уюк”, “Акылкарачач” (трагедия), “Жетимдер жетилгенде” (трагико-комедиа), “Жетөөнүн бири”.
Эл унутпагандай из калтырган жөнөкөй, ары улуу инсандын жаткан жери гүл бак болсун. Табиятты сүйгөн, өмүрү чыгармачылык менен өткөн жазуучу, тарыхчы агабыз жөнүндө айтылуучу сөздөр алдыда болсун. Жакындарына сабыр тилейбиз. Бейишин берсин, Кудайым", - деп айтылат некрологдо.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кара-Булак айылында бүгүн, 22-январда, саат 16:00дө өткөрүлдү.