"Жаштар прогрессивдүү партиясынын" лидери, коомдук ишмер Замир Абдыкадыров электр энергияга болгон тарифти 77 тыйындан 1 сомго чейин көтөрүү демилгеси тууралуу пикирин билдирди.
- Эгерде тарифти көтөрбөсөк, энергетика тармагын кыйроого алып келчү коллапс болушу ыктымал. Тариф көтөрүлгөндөн кийин көп кабаттуу, борбордук жылытуу системасы же жаратылыш газынын жылытуу системасына туташтырылган үйдө жашаган үй-бүлө айына жарык үчүн 50-60 сом ашык төлөйт, андан көп эмес. Мен мындан маселе тапкан жокмун, анын үстүнө азыр энергетиканы оңдоп кетүү көйгөйү турат. Эгер биз бул тармакты жоготуп алсак, экономика кыйрайт, биз таш дооруна кайтып барабыз.
Дагы бир маселе бар - бул үйүн электр энергиясынан башка жылытуу булагы жокторго болгон тариф. Алар үчүн айына 700 киловатт деген шылдыңдаган лимит жоюулушу керек. Бизде жылуулук системасы, ысык суу жана газ жок көп кабаттуу үйлөр жетиштүү. Анда бай эмес адамдар - мугалимдер, дарыгерлер, милиционерлер, аскер кызматкерлери жашайт. 700 киловатт лимити аларга ылайыктуу эмес, муну эске алуу керек. Алар бардык колдонууга башкалардай эле чектөөсүз 1 сомдон төлөшсүн. Ортомчу компанияларды жок кылуу керек. Өкмөт кыраакы жана социалдык жоопкерчиликтүү болушу шарт.
Электр энергияга болгон тарифти көтөрүү зарыл. Же биз баарынан куру жалак калабыз.