Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстандагы менчик бөлүштүрүүчү компаниялардын саны мамлекет башчынын тапшырмасы менен кыскартылып жатканын билдирди.
"Президент Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны олуттуу кыскарды.
Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды.
Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда", - деди Султанбаев.