- Кубаныч мырза, жаңы жылдан бери эле ырчылар фонограммасы жок ырдашы керек деген маселе жаралды. Ырчылар салык төлөп, фонограммасы жок ырдаганга даярбы?

- "Дүйнөнү суу каптаса өрдөккө баары бир" дегендей мага айырмасы жок. Жандуу үн менен десе жандуу үн менен да ырдайм. Фонограмма менен ырда десе, фонограмма менен да ырдай берем. Анткени, мен К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улутитук консерваториясын бүткөн, билими бар ырчымын.

- Фонограммага тыюу салуу чыныгы таланттардын чыгышына шарт түзөбү?

- Ошондой десе деле болот, бирок фонограмманы токтото алышпайт го.

- Салык төлөгөнгө макулсузбу? Тойдон пайда тапкан ырчылар, бийчилер, тамадалар да салык төлөшү керек деп жатышат го?

- Мен эл менен. Эл кандай чечим кабыл алса ошого макулмун.