Печать
Категория: Коом
Просмотров: 82

Бишкекте төрт мектепке бомба коюлганы тууралуу кабар милицияга бир убакта келген. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан  билдиришти.

Анда айтылгандай,  №33 мектеп, Ч.Айтматов атындагы лицей жана “Сейтек” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат келген. Ага чейин "Илим" билим берүү мекемеси тууралуу дагы ушундай маалымат милицияга жеткен. 

Мындан улам ардык окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды, окуу процесси үзгүлтүккө учурады. Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат.