Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандан келген сиам эгиздери өзбек дарыгерлеринин аракети аркылуу ажыратылганын кабарлады. 

Анда айтылгандай, өзбек хирургдары биринчи жолу сиам эгиздерин ажыратуу операциясын жасашкан. 

Маалыматта сиам эгиздери 1 жашка толо элек куракта экени айтылат. Алар өткөн жылдын май айында төрөлүшкөн. Энеси аларга кош бойлуу убагында, 28-жумада УЗИден сиам эгиздери экенин билген, ошондуктан Оштун дарыгерлери энени шашылыш түрдө Бишкекке жөнөтүшкөн. Эгиздер: Фатима жана Зухра төрөлгөндө жалпы салмагы 1,6 кг болгон. 

Өзбекстандын медицина илимдеринин доктору, профессор Бахтиер Эргашев бул операцияны башынан аягына чейин өзбек дарыгерлери жүргүзгөнүн белгилеген. Операция убагында боордон жана башка тамырлардан кандын көп агуусу болбосун үчүн ультразвук жана аргондук скальпель колдонулган. Жыйынтыгында, кан көп аккан эмес. Ошондой эле, эгиздерде эки өт өөрчүгөндүктөн, денелер ажыратылгандан кийин деле жашоого маанилүү органдар өз функцияларын толук кандуу өздөштүрүп кетмек. 

Учурда балдардын абалы стабилдүү деп бааланууда. Ал эми операцияга катышкан дарыгерлер "Саламаттыкты сактоонун отличниги" белгиси менен сыйланышты.