“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси, ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Ал аталган мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерди күтөөрүн белгиледи.
Ал түшүндүргөндөй, долбоор төмөнкүдөй:
- Колдонуудагы конституциялык Мыйзамдын 34-беренесине ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен пенсияга чыккан судьяларга дайындалган пенсияга төмөнкүдөй тартипте жана өлчөмдөрдө үстөк акы төлөнөт:
1) судьялык иш стажы 15 жылдан 20 жылга чейин болгон учурда - дайындалган пенсиянын 1,5 эселенген өлчөмүндө үстөк акы;
2) судьялык иш стажы 20 жылдан 25 жылга чейин болгон учурда - дайындалган пенсиянын 2 эселенген өлчөмүндө үстөк акы;
3) эгерде судьянын иш стажы 25 жыл жана андан ашык болсо - дайындалган пенсиянын 2,5 эселенген өлчөмүндө үстөк акы.
Бүгүнкү күндө судьяга чектелген пенсиясынын максималдуу өлчөмү 192 783 сомду түзөт, анын ичинен эсептелген пенсия 129 832 сомду, үстөк акы – 62 951 сомду түзөт.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун максаты аталган үстөк акыны алып салуу менен пенсияларды адилет дайындоону камсыз кылуу жана камсыздандыруу мүнөзүнө ээ болбогон үстөктөрдү төлөөгө кеткен республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу менен аз пенсия алган адамдардын пенсиясын көтөрүү болуп саналат.