Алмамбет Шыкмаматов “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 19-январда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шыкмаматовду кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.
54 жаштагы Шыкмаматов буга чейин Мамкаттоо кызматынын төрагасы, юстиция министри кызматтарын аркалаган жана ЖК депутаты болгон.
Ал эми "Бишкек" СЭЗдин буга чейинки директору Кудрет Тайчабаров өз арызы менен кызматтан кеткен.