17-январда каза болуп, сөөгү туулган жери Чат-Базарда жерге берилген Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевдин эң акыркы маеги. 

- Малик байке, акыркы мезгилде ырчылар фонограммасы жок ырдашы керек деген талап күчөдү. Фонограммасы жок ырдоо чыныгы таланттардын чыгышына шарт түзөбү?

- Албетте, фонограммага тыюу салуу чыныгы таланттардын чыгышына шарт түзөт. Эл ичиндеги таланттардын оозго алынышына мүмкүнчүлүк  берет. Эгер чындап фонограммага тыюу сала алышса.

- Баса, тойдон пайда тапкан ырчылар да салык төлөшү керек деген маселе көтөрүлө баштады  го. Буга кандай карайсыз? 

- Кудай берген  талант үчүн да салык төлөш керек бекен? Таланттуу ырчылардан салык алгандын ордуна  автордук укукту эске алып, ошого каражат төлөшсө болмок. Анткени, улуттук маданият өнүкмөйүнчө өнөр адамдарынан салык алышса да, экономика өнүкпөйт. Менимче, бул маселени кыргыздын тарыхында өнөр адамы бийик турарын билбегендер көтөрүп жатат окшойт. Негизи өнөр адамдары салык төлөсүн дегиче "канча залкарлар өттү, эмгеги бааландыбы?" деген суроонун айланасында маселе көтөрүшсө болмок экен. 

P/S. Эч нерседен капарыбыз жок сүйлөшкөнүбүз. "Канча залкарлар өттү эмгеги бааландыбы деген суроонун айланасында маселе көтөрүшсө болмок" деген сөздү бекер айтпаган окшойт. Андан 3-4 күн өтпөй, өзү каза болуп, эмгеги бааланбай кеткен залкарлардын катарын толуктап калды.

Чынайым Кутманалиева