Бүгүн, 19-январда 2022-2023-окуу жылында окуучулардын республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, райондук этапка мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышууда.
Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.