Печать
Категория: Коом
Просмотров: 341

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн сабоо учурундагы видеону тараткан маалымат каражаттарын жабуу сунушун киргизди. 

"Шектүүлөрдүн жүзү да жабылбаган. Мындай нерселерди көрсөтүү менен жаштарды туура эмес тарбиялап жатабыз, ушундай кылсак боло берет экен да деген түшүнүк калыптанат. Мен мындай нерселерди ММКларга жарыялоого тыюу салууга чакырат элем. Же ошол сайттарды убактылуу жаап салалы", - деди депутат. 

ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев коомчулукта дайыма эки пикир болоорун билдирди. 

"Биз көрсөтүп жаткандын жакшы жагы да бар. Жаштарыбыз кылмыштуулук жол менен барганга болбойт деп билишет. Бул нерсе бир гана нерсеге - өлүмгө алып бараарын түшүнүшөт", - деди Абдиев.