Печать
Категория: Коом
Просмотров: 2621

Сокулуктагы тарыхый вазийпа тууралуу

Бүгүнкү бийликти буга чейинкилерден эрк жана чечкиндүүлүк айырмалай турганына дагы бир жолу күбө болдум. Эгерде мурда көп маселелерди шыр, ылдам чечүүгө бийлик башындагыларда эрк, батылдык, чечкиндүүлүк жетишпесе, бүгүн саясий эрк, чечкиндүүлүк өлкө башчы Садыр Жапаровдо да, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевде да, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдо да болууда. Сокулуктагы эски мал базарынын иши токтотулуп, жаңысы ачылгандыгы буга таасын далил боло алат.

Сокулуктагы чоң жолдун боюндагы мал базарды буга чейин эч бир бийлик башка жакка көчүрө албай келген. Ош-Бишкек жолунун так жээгинде жайгашып, чоң жолдо каттагандарга түйшүктөрдү жаратып, тоскоолдуктарды кылып, элди кыйнап, азапка салып келген мал базарды чоң жолдон алыс жакка көчүрүү өтүнүчтөрү менен Сокулуктун эли райондук, облустук, мамлекеттик жогорку бийлик адамдарына жүздөгөн жолу кайрылышкан. Райондук бийлик бул маселеде алсыздыгын көрсөтүп келген болсо, мамлекеттик бийликке чечкиндүүлүк жетишкен эмес. Анын да себеби бар болчу. Мал базардын ээси, айтылуу «Кудайберген» унаа тетик базарынын кожейкеси, өзүн Сокулук районунун «ханышасы» эсептеген ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева бул маселеде райондук бийликтин колу-бутун «тушап» салган. Ал гана эмес, премьер-министр, президенттердин да тилин таап, элге түйшүк жараткан мал базарынын иштөөсүн камсыз кылып келген. Бир сөз менен айтканда, миллиондогон сомдук кирешелерден ажырагысы келбеген Эльвира айым мал базарын сактап калууга бардык аракетин көрүп, максатына жетип турган. Өзүнүн меркантилдик кызыкчылыгын, бизнесин, капчыгын кампайтууну гана ойлогон Эльвира айым Сокулук районунун, жалпы эле кыргыз элинин суроо-талаптарын уккусу, билгиси да келген эмес. Мал базарды иштетип, ал жактан миллиондогон кирешелерди алып турууну гана ойлогон.

Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров азамат экен! Бүгүн ага Сокулуктун эле эмес, Ош-Бишкек жолунда каттагандардын баары өзгөчө ыраазы болушуп, рахматтарын айтып түгөтө албай атышат. Акылбек Жапаров өткөн жумада мал базар менен таанышып, көйгөйдү жеринде көрүп, базарды башка жакка көчүрүү тапшырмасын берген. Райондук бийлик тарабынан тапшырма так аткарылып, мал базар жолдон алыс, башка жакка көчүрүлдү. Малын саткысы, алгысы келгендер жаңы базарга барып соодасын жүргүзүп, Ош-Бишкек жолунан каттагандар тыгындарга кабылбай, баткакка чалынбай жыргап эле калышты. Бул үчүн буга чейинки өкмөт башчылардын бири да чечалбаган көйгөйлүү маселени оң жагына чечип, элдин алкоосуна арзыган Акылбек Жапаровго жеке өзүмдүн атыман да рахмат айтам!

Кызыгы, мал базардын башка жакка көчүрүлгөнү элге жакканы менен башка бир бизнесвуменге жакпаган көрүнөт. ЖКнын мурдагы депутаты, айтылуу олигарх Данияр Үсөновдун, азыркы Даниил Урицкийдин аялы, ишкер, жыйындарга дээрлик катышпаган ЖК депутаты Динара Исаевага жакпай калыптыр. Анын жаңы мал базардын жанында ири тоок фермасы бар. Динара айым тоок фермасына жакын жайгашкан жаңы мал базарга каршы билдирүүлөрдү жасап, каршылыгын көрсөтүүдө. Кыязы, жаңы мал базар анын бизнестик кызыкчылыгына каршы келип калгандай…

Буга чейин сүйлөсө мыйзамдуулукту оозанып, акыйкаттуулукту какшанып келген Эльвира Сурабалдиеванын өзү канчалык мыйзамдарды сыйлай турганын көрдүк. Анын текшерүүлөрдөн кийин мамлекетке 70 млн. сом салып төлөбөй келатканы аныкталып, кеч болсо да төлөөгө аргасыз болду. Мамлекеттик бийликтин чечимине каршы чыгып, өз кызыкчылыгын элдикинен жогору коюп аткан Динара Исаеванын бизнесин да текшерүүгө алып, жаап-жашыргандары болсо аныктап, мамлекетке толук өлчөмдө төлөтүш керек.

Нургазы Анаркулов, журналист