Нарын облусунун тургундары радикалдык көз караштарынан баш тартышты. Алар Сириядан террористтик даярдыктан өтүшкөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, коопсуздук кызматы Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу - иш-чаралардын алкагында, абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барууда.
"Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргыз Республикасынын жарандары, Нарын облусунун Нарын шаарынын 1985-жылы туулган Б.Б.С. аттуу тургуну жана 1988-жылы туулган Нарын облусунун Он-Арча айылынын Ж.А.Б. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышканын билдиришти.
Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын жарандарын Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.
Учурда КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда", - деп айтылат маалыматта.