Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

Журналист Шамурза Борукулов соцтармактагы баракчасына пост калтырды. Өзгөртүүсүз беребиз:

- Биздин эл бир нерсеге көңүл бурушпай жатышат.

Батыштын жугундусуна өлөрчө тоюп, өлкө ичине бүлүк салып жүрүшкөн:" Азаттык", "Клооп", "Кактус" сыяктуу каналдарында жалаң эле борбор шаарыбыздын өзүндө, айлана чөйрөсүндө жашагандар эмгектенишет.

Башка региондордун адамдары бул бузукулардын арасында дээрлик жок.

Ошондуктан, бул эл бузар каналдар жалаң түштүктөн чыккандарды боктоп, түштүктүн күчтүү азаматтарын жалган жалаалар менен каралап келишет.

Ушул жугундукор трайбалисттердин бирөөсү да Акаев өлкөгө эки келип кеткенде сасык ооздорун ачышып, бир ооз сөз айтканга жараган эмес.

Атамбаевдин кылмыштары башынан ашып, кийинки жети тукум муунуна жетип арта турган болуп калса да, үн катышпай келишет. Тескерисинче Азаттык, Клооптор Атамбаевдин заказын аткарып да жүрүшкөнүн баарыбыз билебиз.

Мына эми, ушул: базар бузар-эл бузар макоолор Жогорку Кеңештин саналуу гана күчтүү депутаттарынын бири болгон Надира Нарматованы басып жыгылып калышты.

Анткени, Нарматова Курманбек Салиевичтин жубайынын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтып, өзүнүн мусулманчылык парзын аткарып койгону үчүн, "сизди сыйлап күтүп алар элиңиз бар" деп жазганы үчүн.

Бакиевди күтүп алар артында миллиондогон эли бар экени жалганбы?

Мындай акмак журналистерди Кыргызстандын кайсыл окуу жайларынан окутуп бүтүрүп жатышат?

Эмне, Акаев эки жолу өлкөгө келгенде кучак жайып тосуп алып, чай берип, артынан орустун шимшилеген машке күчүгүндөй болушуп ээрчигендер үчүн Акаевдин артында эли бар болот да, эки ай бою анги сарайда Атамбаевди колдогондор, азыркы күнгө чейин "Атамбаевге боштондук" дешип, борбор шаардын как ортосунда митинг кылып жүрүшкөндөр эл экен да, ал эми Бакиевди колдогондор, анын эмгектерин баалагандар эл болбой калабы?

"Бакиев" десе, чок баскандай ордуларынан туруп кеткен эки бутту айбандар жок дегенде Бакиевдин башына иш түшүп турганда кысып олтурушса болбойбу?

Ушинтишип олтуруп, Азаттыктын, Клооптун шүмшүктөрү элди региондорго бөлүп, калк ичине өздөрүнүн кара ниет максаттарын колдонуп жатышат.

Буларга Тыныстан Асыпбек деген мордасын маска менен жапкан дагы бир трайбалист фейк кошулуп алыптыр, Атамбаевдин балдары жакшы төлөп берсе керек?

Арам акчага иштеген ушул каналдарды жаап салсак күнүбүз өтпөй калабы?

Керек болсо Бакиевдин эмгегин баалап, келсе күтүп алабыз дегендер миллиондоп саналат. Аны бул гени эрте күндө бузулган трайбалистер кайдан түшүнүшсүн?