Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев көңүл айткан кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди. Ал төмөнкүдөй:
"Урматтуу мекендештерим, оор күнүмдө кайрат айтып колдоп турган кыргыз элим, дүйнөнүн ар тарабынан мага чалып, соцтармактардан жазып, көңүл айтып жаткан боордошторум! Эң оболу мен сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, рахматымды айтамын.
Башыма кара туман каптап, үй -бүлөм менен аза тутуп калган чакта, бизди колдоп, сүйөп-таяп, ар кандай кайрат сөздөрүңөрдү айтып, жазып жатасыздар.
Бул нерсе биз үчүн бардык байлык, бийликтен да жогору турат.
Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым.
Дагы бир жолу баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.
Силерди урматтап Бакиев Курманбек Салиевич"
Эске салсак, Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева 17-январда каза тапкан. Сөөгү Кыргызстанга 18-январда жеткирилип, туулуп-өскөн жери Казарман айылында жерге берилди.